Өкмөт: Жээнбековдун шайлоо алдындагы убадасы ишке аша баштады

Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы программасы ишке аша баштады. Өкмөт бул багытта иш алып барып жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте бюджеттин 2019-2020-жылдарга болжолу каралып жатканда билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, шайлоо алдындагы убадаларга билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын колдоо боюнча иш чаралар камтылган.

«Дарыгерлердин айрым категорияларынын айлык акысы жогорулатылган, келээрки жылдын бюджетинде буга тийиштүү каражаттар каралган», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев кошумчалагандай,  шайлоо алдындагы убалардын блогу катары аймактарды өнүктүрүү маселеси каралып, анда айылдарды таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү маселеси белгиленген. Анын алкагында ичүүчү суу менен 215 айылды камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылат.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо