
Кыргызстан менен Орусия аскердик-техникалык кызматташыгын баштайт. Ал багыттагы келишимди ишке ашыруу боюнча документке Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.
Кол коюлган документке ылайык, 2017-жылдын 20-июнунда кабыл алынган Орусия менен Кыргызстандын аскердик-техникалык кызматташуусу жөнүндөгү келишим бекитилет. Жарлык 29-ноябрь күнү жарыяланган. Бул туурасында РИА Новости сайты жазып чыкты.
Кызматташтык келишими аскерий продукцияларды жеткирүү механизмин жакшыртуу, армияны жогорку эффективдүү курал-жарак менен камсыздандырууга багытталган. Мындан сырткары эки өлкөнүн жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүүнү шарттайт.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул келишимге 2018-жылдын январь айында кол койгон.
Пикир калтыруу