Мессинин жаңы рекорду

Лионел Месси чемпиондор лигасында 106-голун киргизип Криштиано Роналдонун рекордун жаңылады. Ювентус клубунун чабуулчусу чемпиондор лигасында 105 гол жаратып рекорд жараткан болчу.

Месси 106-голун 29-ноябрда ПСВ-Барселона беттешинде ПСВ дарбазасына киргизген. Учурдагы Чемпиондор лигасынын оюндарында Месси 3 оюнда 6 гол жарата алды. «ПСВга» каршы алгачкы оюнда хет-трик жаратса, «Тоттенхем» менен болгон беттеште дубль жарата алган.

«Интер» менен өткөн беттештерде футболчу жаракатынан улам оюнга түшкөн эмес.  Азыркы учурда чабуулчулар жарышында Месси «Бавария» чабуулчусу Роберт Левандовски менен 1-орунду талашып жаткан маалы. Эки оюнчунун тең 6 дан голу бар.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо