
Баткен облусунун Лейлек районунда 50 жаштагы аял өзүнүн күйөөсүн балталап өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Окуя 25-ноябрда Лейлектин Арка-2 айылында болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, кылмышка шектүү аял жана жолдошу А.Г. ошол күнү мас абалда болушкан. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, аял балта менен күйөөсүн бир чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам ошол жерде мерт болгон.
Учурда аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, аял убактылуу камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий