Ош мэриясын 218-кварталдын жашоочулары жалган отчет берүү боюнча айыптап чыгышты. Айтымдарында, мэрия тарабынан мындан эки жыл мурун аталган кварталга таза суу тартылып, жолу асфальтталып бүттү деген отчет берилген. Бирок эки маселе тең бүгүнкү күнгө чейин чечимин таппай турат. Чечилип бүткөн деген отчеттон улам кайрылуулардан жыйынтык чыкпай жатканын жашоочулар айтып даттанышты.
Буга мэриянын тиешелүү кызматы эмне деп жооп берет жана аталган кварталда таза суу маселеси канчалык курч болуп турат? Төмөнкү сюжеттен көрүңүз.
Оставьте первый комментарий