
Кыргызстанда туулган Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык мушкер Жи Йон Кимди упай артыкчылыгы менен утуп алды. Бул туурасында мушкердин бир тууганы Валентина Шевченко социалдык баракчаларына жарыялады. Антонина 57кг салмак категориясындагы 8 бурчтука чыгып, мелдеш Лас-Вегас шаарында өттү. Анда Шевченко менен Ким үч раунд бою кармашып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш ага ыйгарылганы кабарланды.
Octagon debut win ✅@AntoninaPantera #TUFFinale pic.twitter.com/se4Th5vPI8
— UFC (@ufc) December 1, 2018
Эске сала кетсек, кыргызстандык спортчу мелдешке атаандашынын салмагы 3кг оор экендигине карабай макулдук бергенин айткан. Буга чейин аталган уюмдун «Дана Уайттын талапкерлери» аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алган.
Пикир калтыруу