
Азамат Усенов Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда кол койгон.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Монголияны кошо карайт. Азамат Усенов бул кызматка 2017-жылы сентябрда дайындалган эле.
Пикир калтыруу