«ХБКовская Беманын» иши сотко өтөт. Видео

Интернетте тараган видеодогу «ХБКовская Бема» лакаптуу кыздын өспүрүмдү ур-тепкиге алганы боюнча тергөө иши соңуна чыгып калды. Жакынкы күндөрү шаардык сотко өткөрүлөт.

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Ал белгилегендей, окуя боюнча «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Сабалган кыздын ата-энеси «ХБКовская Бема» лакаптуу кызга карата доо-арыз жазышкан жок. Ошол себептүү ал кызды убактылуу кармоочу жайга кармаган жокпуз. Тергөөнү видеодогу факты боюнча алып бардык. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери аяктап калды. Алдыда топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп берилет«,- деди Сыдыков.

Замир Сыдыков бүгүнкү социалдык тармака тараган экинчи видео тууралуу да кошумчалап өттү. Айтымында, бул тасма 21-ноябрда тартылган видеонун бир бөлүгү.

«Мушташкан өспүрүм кыздардын алгачкы видеосу 21-ноябрда интернетке тараган эле. Ал эми бүгүнкү соцтармакта жарыяланып талкуу болуп жаткан экинчи видео ошол окуянын биринчи бөлүгү. Тагыраак айтканда, “Космонавттар” багында тартылган мушташтын башы экинчи жарыяланган видеодогу жайда башталган эле«-,  деди Ош ШИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков

Окуя 21-ноябрда түшкө жакын болгон. Алгач Инстаграмдагы фейк-аккаунттарынан айтыша кеткен кыздар талашты чечип алуу үчүн Ош шаарынан жолугат.

Видеодо кызды тепкилеп жаткан өспүрүм буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгон. Кара-Суу милициясында дагы бир уурулука шектүү катары өткөн.

Жабырлануучу кыз Ош шаарындагы мектептердин биринде 11-класста окуйт. Ал эми аны сабаган жана окуяны камерага тарткан кыздар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын жашоочусу.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо