Лука Модрич «Алтын топ» сыйлыгын алды

Быйылкы «Алтын топ» сыйлыгын «Реал Мадриддин» оюнчусу Лука Модрич алды.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү  Парижде өттү. «Алтын топтун» ээсин тандоого 180 мамлекеттен бирден журналист катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында хорватиялыкфутболчу эң көп добуш алган. Лука быйыл УЕФАнын версиясы боюнча да Россияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта мыкты деп табылган. Жарым коргоочу быйыл «Реал» менен Чемпиондор лигасын үчүнчү жолу катары менен уткан. Дүйнө чемпионатында финалга чейин жеткен.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо