
«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуумМамлекеттик мүлктү башкаруу фондунунун маалымат кызматы билдирди.
Мирлан Бегалиев буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги филиалдарын жетектеген.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Абдималик Бусурманкулов дайындалганы кабарланган. Ал аэропорттун инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын башчысы.
Эскерте кетсек, 3-декабрда аэропорттун жетекчиси Эмир Чукуев кызматтан кеткен. Ал отставкага кетүү боюнча өзү арыз жазган. Эмир Чукуев «Манас» Эл аралык аэропортунун жетекчилигине 2015-жылдын апрель айында келген эле.
Пикир калтыруу