Жаза мөөнөтүн аяктагандарга жардам көрсөтүү сунушталды

Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн жарандардын кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттар түзүлөт. Бул багытта мыйзам долбоор иштелип жатканын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров парламент комитетинин жыйынында билдирди. 

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде белгиленгендей, жазыктык-укуктук мүнөздөгү чаралар колдонулган адамдардын түзөлүүсү жана кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери колго алынат.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, «балдар жөнүндө кодексинин» жашы жете электерди кайра социалдаштыруу жана кайра интеграциялоо, алар тарабынан кайрадан укук бузууну болтурбоо максатында пробация органын ювеналдык юстицияга кошуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет.

Талкуу жыйынтыгында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо