Эми спортчулардын стипендиясы 1000 доллар болот

Кыргызстандын курама командасынын курамына кирген спортчулардын стипендиясы 75 000 сомго көтөрүлдү. Буга чейин алар 45 000 сомдон алып келишкен. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев кол койгон.

Жаңы эреже боюнча стипендия жаңы жылдан баштап спортчуларга бериле баштайт. Ал спорттун олимпиядалык түрү,паралимпиядалык түрү жана улуттук түрү боюнча 7-категорияга бөлүнмөкчү.

Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

  • I категория — 75 миң сом;
  • II категория — 60 миң сом;
  • III категория — 50 миң сом;
  • IV категория — 40 миң сом;
  • V категория — 30 миң сом;
  • VI категория — 20 миң сом;
  • VII категория — 10 миң сом;

Cпорттун улуттук түрлөрү:

  • I категория — 25 миң сом;
  • II категория — 20 миң сом;
  • III категория — 15 миң сом;

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

  • I категория — 20 миң сом;
  • II категория — 15 миң сом;
  • III категория — 10 миң сом;
  • IV категория — 8 миң сом.

Стипендия алуучуда кандай документ болушу керек ?

— Спортчунун арызы же машыктыруучунун рапорту;

— Мелдештин протоколу;

— Стипендияны которуу үчүн карталык эсеп;

— Паспорттун көчүрмөсү.

Өмүр өткөнчө стипендия алуу мүмкүн

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана алдынкы орунга жетишкендер өмүрүнүн аягына чейин  ай сайын берилүүчү стипендия алууга акысы бар.

  • I орун — 30 миң сом;
  • II орун — 25 миң сом;
  • III орун — 20 миң сом.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо