
Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 62 жашында Одессада каза болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазууда.
Азырынча сөөгү кайсыл жерге көмүлөөрү айтыла элек. Айрым маалыматтарга караганда 4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес.
Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Батыров 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган.
Пикир калтыруу