Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт

Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы бир канча булактар аркылуу тастыктаганын Азаттыктын кыргыз кызматы жазууда.

Маркумдун жакындары анын сөөгүн Жалал-Абадда жерге берүүгө аракетин көрүп жергиликтүү бийликке кайрылып көрүшкөн. Маселе жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар жана расмий адамдар менен кеңешилип, натыйжасында Кадыржан Батыровдун сөөгүн Кыргызстанга алып келбөө тууралуу чечим кабыл алышкан.                                                  Кадыржан Батыров 4-декабрга оогон түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Ал куптан намазын окугандан кийин жаткан бойдон ойгонгон эмес.                                                            Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», «жикчилдикке чакырган», «калайман башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо