Ош мэри: жолдордун 80 пайызы талапка жооп бербейт

Ош шаарындагы ички жолдордун 15-20%ы гана талапка жооп берет. Калганы кайрадан оңдоп-курууга муктаж. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов шаардын туруктуу өнүгүү программасы талкууланып жатканда билдирди.

Мэр белгилегендей, шаарда жалпы 550 чакырым ички жол болсо, анын 400 чакырымы кайра курулат. Ички жолдорду реконструкциялоого 7 миллиард сомдон ашык каражат керектелет.

«Шаардагы биздин негизги көйгөйүбуз бул ички жолдор. Жолдорду курууда биринчи асфальттын астындагы коммуникацияны кошо куруп кетүү керек. Мен бул боюнча жетекчилер менен да сүйлөшүп жатам. Биз ички жолдорго жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берели деп пландап жатабыз»-, деди Таалайбек Сарыбашов

Өнүктүрүү пландын долбоору боюнча, ички жолдордун баары 2018-2020-жылдарга чейин реконструкцияланып бүтөт. Бирок ага жергиликтүү бюджеттен каржы жетпей калуу ыктымалы бар экенин Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башкы адиси Улукбек Жаныбеков айтты.

«Учурда 2019-жылдын бюджети кабыл алына элек. Ошол чечилгенге жараша болот. Ички жолдорду оңдоого сунушту берип жатабыз. Каражат өтө көп кетет. Жаңы жолдорду ачуу боюнча долбоорлор көп бирок баары акчага келип такалып жатат.  Ири өлчөмдөгү акча бөлүнсө гана чечилет. Азырынча өзүбүздүн күчүбуз менен кура албайбыз»,-деди Улукбек Жаныбеков

Жаныбеков кошумчалагандай, шаардын  170 чакырым ички жолу Кытайдын гранттык долбооруна сунушталып жатат. Эгер колдоо тапса гана жолдор оңдолуп баштайт.

Ош шаарындагы ички жолдордун курулганына 40 жылдан ашты. 2000-жылы гана Оштун 3000 миң жылдыгына карата 5 көчө капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

 

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1427 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо