Эйнштейн жазган кат 40 миң долларга сатылды

Нобель сыйлыгынын атактуу лауреаты, белгилүү физик Алберт Эйнштейн бир тууганына жазган каты Израилде 40 миң долларга сатылды. 1922-жылы жазылган катта ошол учурдагы улутчулдук жана антисемитизмге каршы эскертүүсү жазылган.

Эйнштейн бул катты Адольф Гитлер бийликке келгенге чейин жазган. Батыш Иерусалимде уюштурулган ачык аукциондо 39 миң 360 долларга сатылган.

Жөөт улутундагы Германиянын 1922-жылдагы тышкы иштер министри Вальтер Ратенау улутчулдар тарабынан өлтурүлгөндөн кийин Эйнштейн ушул катты жазган.

Вальтер Ратенаунун өлтүрүлгөндөн кийин немис полициясы Эйнштейндин жашоосу коркунучта экендигин эскерткен. Ал жашоосун сактап калуу үчүн жашынып бир тууганы Майя Эйнштейнге ушул катты жазган.

Ал катта Эйнштейн «саясий жана экономикалык караңгычылык заман башталып жатат, ошондуктан бул нерселерден алыс болгонум үчүн өзүмдү бактылуу сезип жатам» деген сөздөрдү жазган. Бул катты аукционго койгондор болжолдонгон баадан эки эсеге кымбат сатылганын билдирген.

Жөөт улутундагы физик Алберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германиянын Ульм шаарында туулган.

Ал XX кылымдын улуу окумуштуусу, салыштырмалуулук теориясынын жана мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун киргизип физикалык теорияларды ачкан.

Ал кванта теориясынын өнүгүүсүнүн негизги баскычы болгон теориялык физикага кошкон салымы, жана фотоэлектрдик таасиринин мыйзамын ачканы үчүн физика жаатындагы «Нобель» сыйлыгына ээ болгон.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо