
Кытайлык Huawei технология компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы жана каржылык жетекчиси Мэн Ванчжоу Канадада кармалды. Аларды АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деп айыпталып кармалганы кабарланууда.
Мэн Ванчжоу Канаданын Ванкуверде шаарында 1-декабрда кармалган. Бул тууралуу 6-декабрда гана белгилүү болду. Аны АКШга өткөрүп берилээри айтылып жатат. Кытайдын Канададагы элчилиги Мэн Ванчжоуну бошотууну талап кылган.
Жакында АКШ дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын «Huawei» телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга чакырган.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын президенти Си Цзиньпинь, Аргентинанын борбору Буонес-Айресте G-20-саммитинде бажы төлөмдөрүн көбөйткөн экономикалык согушта 90 күндүк ок атпоону жарыялаган эле.
Канаданын юстиция министрлигинин билдирүүсүндө, АКШнын талабы менен кармалган Мэн Ванчжоу эртең биринчи соттук угууга чыга турганын билдирген.
Конгресстин айрым мүчөлөрү Apple жана Samsungдан кийинки чөнтөк телефон өндүрүүчү Huaweiди АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч деп эсептейт.
Оставьте первый комментарий