
Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиевдин отставкасы кабыл алынып, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Адылбек Касымалиев 2015-жылдан бери Финансы министлигин жетектеп келген.
Пикир калтыруу