
Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж кармалган. Ал кечээ, 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон.
Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник алгач 120 миң долларды чет элдик компаниянын өкүлүнөн ортомчу аркылуу алган. Калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.
Паракордукка шектелип кармалган министрдин орун басарына «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Оставьте первый комментарий