Момбеков: балдарды итчелик карай албайбызбы?

Ички иштер министрлигинин иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт.  Эмне, биздин балдар ошол итчелик жокпу? Муну депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Момбеков белгилегендей, Бишкектеги №5 мектеп-гимназиясында жатып окуган балдардын тамагына күнүнө 60 сом бөлүнөт. Ал эми ички иштер министрлигинин кызматтык иттерине 120 сом ажыратылат.

«Ички иштер министрлигинин иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин курсагы тойбогон балдар ошол итчелик жокпу? Балдарга кам көргөнүбүз ушубу? Демек, ал балдардын мектеп-гимназиясы эмес эле, балдардын колониясы болуп калып атпайбы? Урматтуу өкмөттүн өкүлү, айта барыӊыз, бул маселени тезинен чечиш керек. Бул – ийгилик эмес, итчилик«,-деди Рыскелди Момбеков

Кыргызстанда жатак-мектептердеги балдардын тамагына бөлүнчү акчанын суммасын көтөрүү демилгелеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Жатак-мектептерде тарбияланып жаткан балдардын 88 пайызынын бирден ата-энелери бар болсо, 13 пайызын жетимдер түзөт.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо