Кыргызстандагы Гүлен жамааты боюнча маселе көтөрүлдү

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда маселе жараткан бир гана көйгөй бар экенин айтты. Ал «Гүлен» жамааты, эки өлкөнүн достугун бузууга аракет кылат деп билдирди.

Биналы Йылдырым Бишкектеги расмий иш сапарында Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугуп төмөнкүлөргө токтолуду.

«Кыргызстан менен Түркиянын мамилесине тоскоолдук жараткан бир гана маселебиз бар. Ал 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетин кылган Гүлен жамааты. Чыңгыз Айтматовдун тилинде айтамын. Гүлен жамааты силер сыяктуу кийинет, сүйлөйт. Бирок улутуна каршы иш кылат. Өлкөнүн душмандары менен биригип улутуна каршы иш кылат», деди Биналы Йылдырым

Төрага Дастан Жумабеков, 2018-жылы Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси жакшы болуп жатканын билдирип, эки өлкөнүн президенттери бир жылда төрт жолу жолукканын эске салды.

Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен 6-декабрда келген. Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо