Парламенттин Терек-Сайдагы абал боюнча башы катты

Жогорку Кеңеш депутаттары жалпы жыйынында Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы абал боюнча маселени карашты.

Депутат Кожобек Рыспаев жергиликтүү элди күч менен токтотууга болбостугун, анын ордуна маселенин чыгуу жолдорун издөөнү сунуш кылды.

Ал эми Исхак Пирматов бул жердеги негизги маселе мыйзамсыз казылып, мыйзамсыз экспорттолуп жаткан сурьмада болуп жаткандыгына токтолду.

Бул жерге бир эмес миң пост койсо дагы маселе чечилбестигин, мында Оштогу сурманы мыйзамсыз сатып алуучуларды тыйганда гана чечилет. Ал эми экология маселеси (суунун булганышы, жолдордун бузулушу) алтынды жууп алуучу майда кендерди казгандардан улам болуп жатат. Мамлекетке жылына төлөгөнү 50-60 миң сом. Ал эми бул жердеги 2-3 ири кенде маселе жок”,- дейт Пирматов.

Депутаттар Азизбек Турсунбаев менен Исхак Пирматов алтынды жууп алуучу майда кендерди казууга берилген лицензияларды жокко чыгаруу зарылдыгын белгилешти.

«Терек-Сай» кенин түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы иштетет. Буга чейин айылдын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо