Түркия акысыз дарыланчу кыргызстандыктардын санын көбөйттү

Түркия акысыз дарылануучу кыргызстандык бейтаптардын санын 150гө көбөйттү. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым билдирди.

Ал Кыргызстан Түркиянын Борбор Азиядагы негизги саясий-экономикалык өнөктөшү экенин айтты.

«Саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын потенциалы зор. Бүгүнкү күнү маселелердин тармагы бизге биргелешкен күн тартибин кеңейтүүгө шарт түзөт. Өз ара товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү бул багыттагы ишмердикти активдештирүүнүн зарылдыгын айтып турат», – деди Бинали Йылдырым.

2014-жылдан бери 100 кыргызстандык бейтап Түркияга барып акысыз дарыланып келет. Бейтаптардын жарымын Кыргызстан,  калганын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо