2018-жылдын 11 айында куткаруучулар тарабынан 150 адам куткарылган. Анын ичинен жол кырсыгынан 40 адам, экстремалдык абалда 36 адам жана көлмөлөрдөн 11 адам, ал эми өрттөн 63 адамдын өмүрү сакталып, 51 адам жабыркаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, куткаруучулар тарабынан 928 жаранга жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен 234нө дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 223 адамга жана 471 адамдын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен. 6167 муктаж болгон адамдарга тарабынан телефон аркылуу кеңеш берилген.
Айта кетсек, өлкөдө 2018-жылдын 11 айында 94 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталып, 13 адам каза болгон.
Оставьте первый комментарий