Эксперт: коррупция менен комплекстүү күрөш жүрбөй жатат

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш комплекстүү жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу жарандык коом өкүлү Гүльгакы Мамасалиева айтып чыкты. 

Жарандык коом өкүлүнүн айтымында, акыркы ачыкталган 520 миң долларлык коррупция боюнча иликтөө системалуу түрдө жүргүзүлгөн жок. Дайымкыдай эле катардагы кызматкер же жетекчинин орун басары гана кармалып,  алардын жетекчилери калып жатат.

Мамасалиеванын пикири боюнча, ири өлчөмдөгү паракорчулукта системалуу коррупция бар. Ошондуктан жетекчинин өзүн баш кылып жемкорчулукка шектөө максаттуу болмок.

Эске салсак, 6-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын  маалыматына ылайык, шектүү  бул кызмат үчүн жалпы 520 миң доллар талап кылып, алгач 120 миң долларды жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн ортомчу аркылуу алган.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*