Өлкөдө улуттук адабият күнү белгиленет

Улуттук адабият күнү 6-12 декабрь күндөрү өлкөнүн бардык мектептеринде жана коомдук китепканаларында белгиленет. Иш чара Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Максаты коомчулуктун арасында китеп окуу маданиятын жогорулатуу болуп эсептелет.

Улуттук адабият күнү бүгүн Бишкек шаарында белгиленип, жазуучунун эстелигине гүл коюлат. Андан кийин балдар жана жаштар китепканасында “Келгиле, Айтматовду окуйбуз!” мелдеши, суроо-жооптор уюштурулуп, Айтматовдун чыгармаларына негизделген тасмалар көрсөтүлөт.

Улуттук адабият күнү кыргыз өкмөтү тарабынан 2011-жылы жарыяланган жана жыл сайын 12-декабрда белгиленет.

Быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракесине карата чет жакта жана Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маданий иш чаралар уюштурулууда

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*