Милиция: WhatsAppдагы башы кесилген баланын видеосу жалган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы WhatsApp аркылуу тарап жаткан башы кесилген жаш баланын видеосу Ош шаарында болбогонун билдирди.

WhatsApp аркылуу башы кесилген жаш баланын видеосу “Ош шаарындагы “Ак-Тилек” кичи шаарчасында” тартылган деген маалымат тараган.

Милициянын маалыматына ылайык, видео Ош шаарында болгон эмес, жазылган комментарийлер дагы чындыкка туура келбейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардын арасында жалган маалыматтарды таратып, коомдук коопсуздукка шек келтиргендер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартыла тургандыгын эскертет.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*