Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтутунун маалыматына ылайык, 10-декабрь күнү саат 03:11 чамасында Ош облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Оставьте первый комментарий