Өзбекстанда экстремизмге шектелген 20 миң киши атайын тизмеден чыгарылды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Конституциясынын 26 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп диний-экстремисттик уюмдарга катышы бар деп шектелген 20 миңден ашуун киши атайын тизмеден чыгарылганын билдирди.

Мирзиёев, жаңылыштык менен диний-экстремисттик уюмдардын таасирине кабылып, кийин бул аракети үчүн өкүнгөн кишилердин кайрылуусун кароо боюнча республикалык комиссия түзүлгөнүн айтты.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 19-сентябрда “Катачылык менен диний экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп кеткен кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиптерин жакшыртуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, республикалык мекеме аралык комиссия түзүлгөн. 2018-жылдын 1-ноябрынан тарта комиссиянын бүтүмүнүн негизинде экстремизмге шектелген кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиби киргизилген.

Өткөн жылы Өзбекстанда тыюу салынган топторго кирип кеткени үчүн кечирим сурап, тынч жашоо образына өткөн 18 миңдей киши укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чыгарылганы кабарланган

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*