Жээнбеков: Кыргызстан адам укуктары боюнча чечкиндүү иштерди баштады

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Адам укуктарынын жалпы декларациясы Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары” деген темада конференция өтүп жатат.

Ага Сооронбай Жээнбеков катышып, адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык–айкындыгына чоң маани берилип, укук коргоо органдарынын “өзүм билемдигине“ жол бербөө зарылдыгын айтты.

” Кыргызстан акыркы мезгилде ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт”,- деди Сооронбай Жээнбеков

Тергөө, сот, соттун чечимин аткаруу процесстери ачык-айкын болот. Пробация институту ишке киргизилет. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирет деп кошумчалады президент.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияга катышып жатат.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*