ЖК комитети финансы министрлигине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет финансы министрлигине сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Талапкерди депутаттарга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тааныштырды. Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында  мамлекеттин каржы тармагында иштеп жакшы тажрыйба топтогон.

Ал ушул жылдын 6-декабрында өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна премьер-министр  тарбынан көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, учурда президентин кеӊешчиси болуп иштейт. Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сыяктуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*