
Саткандардын далайын көргөмүн. Мурмукулов болобу Жээнбеков болобу кечирип койчумун. Колдогонум, өстүргөнүм туура эмес болуптур. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде билдирди.
Кезинде Жээнбеков сиздин жакшылыгыңызды унутсам кудай урсун деп айткан. Ошондуктан муну кудайга эле коёлу. Баарыбир кудай урат деп билдирди экс-президент.
“Мен негизи адамдын эки жүздүүлүгүн бир топ эле көргөнмүн. Өзгөчө галустукчандар деп коём, өзүм да бир топ тагынганым менен өзгөчө аткаминерлер бат эле сатып кетмейи бар. Мен муну 2000-жылы көргөм. 2004-2005-2008-2009-жылдары көргөм. Өзгөчө мени биринчи кудай, андан кийин сиз деп 24 жыл дос болумуш жүргөн адамдын душманчылык кылганы таң калтырды. Менимче бул деле убактылуу нерсе”- деди Алмазбек Атамбаев.
Буга кошумчалай экс-ажо президенттикке Сооронбай Жээнбековду туура эмес тандаганын билдирди. Ал үчүн кыргыз элинен кечирим сурады жана мезгил баарын ордуна коё турганын айтты.
Экс-ажонун президенттикке талапкер катары тандаганынын эң биринчи критерийи Жээнбековдун түштүктөн болгондугун белгилеп кетти.
Оставьте первый комментарий