Бурулайдын өлүмүнө күнөлүүлөр эркинен ажырады

Бишкекте Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү делген Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты.

Бөдөшевди кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүгө өкүм чыгарды. Ал эми ала качууга шериктеш болгон Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бирок Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып жатканда ала качууну мойнуна алган эмес. Ошондой эле кырсык болгон күнү кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин кошумчалады.

Ал эми жабырлануучу тарап Марс Бөдөшев кызды мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана күнөөсүн мойнуна албаганын эске алуу менен аны өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Эске сала кетсек, Бурулай Турдаалы кызы ушул жылы 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо