Чүйдө адамдарды сабап, тоноп жүргөндөр кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда жарандарды сабап, тоноп жүргөн өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу аталган облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, милицияга эки жаран арыз менен кайрылган. Кармалган өспүрүмдөр 51 жаштагы жаранды коркутуп, телефонун уурдап кетишкен. Мындан сырткары алар дагы бир өспүрүмдү сабап, тоноп кетишкен.

Учурда аталган факты кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо