
Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Эки саатка чейин үзгүлтүк болоорун Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Мэриянын маалымдашынча, 13:00дон 15:00го чейинки өчүрүү «Ош-2» көмөкчү чордонун оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жатат. Бул убакыт аралыгында электр энергиясын берүү төмөнкү даректерде токтотулмакчы:
«№3 «Алымбек-Датка» аймактык кеңешинин Раззаков, Жим, Салиева, Кара-Суу жана Ош көчөлөрүндө свет өчөт. Мындан сырткары көрсөтүлгөн убакытта Авиашаарчада да мезгил-мезгили менен электр жарыгы өчүрүлүп турат»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин күз-кыш мезигилине карата энерго объектилер оңдоо-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдык аяктаганы кабарланган болчу.
Пикир калтыруу