Прокуратура кызматкерлерине кымбат унаа айдоого тыюу салынды

Түркмөнстандын Дашогуз облусунда прокуратура кызматкерлерине кымбат унааларды колдонууга оозеки түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазып чыкты.

Редакциянын атын жарыялагысы келбеген булагы көрсөтмө 3-4 ай мурун түшкөнүн айтты:

Ошондон кийин прокуратура кызматкерлери кымбат баалуу унааларын сатышты. Айрымдары машинелерин туугандарына кайра каттатты. Ошентсе дагы алар кымбат унааларды айдап жүргөндөн кооптонушууда.

Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери «Toyota Pathfinder» же «Toyota Highlander» жол тандабастарын колдонушат. Дээрлик баары жаңы унааларды айдашат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул боюнча расмий бийлик өкүлдөрүнөн комментарий алган эмес.

Түркмөнстанда бир нече жылдар боюу мамлекеттик кызматкерлердин жана чиновниктердин жеке автотранспорт колдонушуна тыюу салынган же чектөө киргизилген. 2017-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлерине жалаң ак түстөгү унаа айдоого буйрук чыккан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо