УКМК: Зилалиевдин банктагы эсебинен акчалары алынды

УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банкта сакталган акчасы боюнча видеону таратты. Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы айтылган эле.

Эске салса кетсек, Зилалиев кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголгон. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган эле. Учурда Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4880 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо