Экс-депутат пара алып жүргөнүн мойнуна алды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде кезинде билбей пара алып жүргөнүн айтты.

Алгач ал 10 жыл депутат болуп иштеп жүргөндө бир да министрден, бир да кишиден бир бөтөлкө суу алып көргөн эмесмин деди.

«Мага бала кезден эле арам оокат жаккан эмес. 2000-жылы «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясында министрдин биринчи орун басары болуп иштеп калдым. Ошондо министр «сенин акың» деп акча берчү. Көрсө ошол пара экен. Мен жарым жылдай айына 4-5 миң доллардан алып жүрчүмүн. Күндөрдүн биринде 24 жаштагы кызым каза болуп калганда мага арам акча жакпай турганын түшүндүм», — дейт Молдобаев.

Нарынбек Молдобаев парламенттин эки чакырылышында депутат болгон. 2000-2001-жылдары «Кыргызмунайзат» ишканасында эмгектенген. 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынан ал эми 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо