Ош шаардык кеңеши журналисттерди жыйындан чыгарып салды. Видео

Ош шаардык кеңешинин тармактык комитети бүгүнкү жыйынында журналисттерди чыгарып салды. Отурумдун экинчи бөлүгүндө да ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. 

Тармактык комитеттин жыйыны жабык эшик артында эмес, ачык өткөрүлгөн болчу. Отурумга депутаттар тарабынан «T-media.kg» жана «Turmush.kg» сайттарынын журналисттери чакырылган эле.

«T-media.kg» сайтынын журналисти Ажибай Пайзидин уулунун айтымында, аларды жыйындан шаардык кеңештин кызматкерлери депутаттардын пикирин эске албастан жана добушуна койбой эле чыгарып салган. Ал учурда тармактык комитет токтомдордун аткарылбай жатканы боюнча маселени карап жаткан болчу.

«Т-Медианын фейсбуктагы баракчасынан түз эфир кылып жаткан болчумун. Капысынан эле шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Саадат Маматалиева түз эфирди токтотту. Менимче шаардык мэрия токтомдорду аткарбай жаткандыгын ачыка чыгуусун каалаган жок. Депутаттар мэрияны сынга алып сүйлөп жаткан болчу» ,-деди Пайзидин уулу.

Журналисттер жыйындан чыгарылгандан көп өтпөй эле 15 мүнөттүк танапис жарыяланат. Тыныгуу аяктагандан кийин да отурумдун экинчи бөлүгүнө кирүүгө тоскоолдук көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, биздин редакцияга Ош шаардык кеңешинин айрым кызматкерлери Фейсбуктагы баракчабызда жарыяланган жыйындын түз эфирин өчүрүп салууну талап кылышты.

Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин жыйындары ачык-айкын өткөрүлүүгө тийиш. Эгер маселе жабык өткөрүүнү талап кылса депутаттардын жалпы добушу менен чечилет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5128 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо