Парламент каржы министрин шайлады

Жогорку Кеңеш Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министрлигине шайлады. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 109 депутаттын 101и колдоп берди.

Бактыгүл Жээнбаева буга чейин президенттин кеңешчиси болуп турган. Анын талапкерлиги премьер-министр тарабынан көрсөтүлгөн.

Буга чейин Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 10-декабрда жактырган эле.

Жээнбаева экономика илимдеринин кандидаты, финансы жаатындагы тажрыйбасы 25 жылдан ашат. Учурунда «Кыргызстан коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинин төрайымы, Улуттук банктын жетекчиси кызматтарын аркалаган. Ошондой эле «Айыл банктын» башкаруучулугунун төрайымы болгон.

Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев 6-декабрда өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5433 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо