
Туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң баланын ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай айлык алуу үчүн оорулуу баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек.
Айлыктын суммасы 5000 сомдун тегерегинде болот. Ал “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин негизинде чегерилет. Салык жана социалдык камсыздандыруу чыгымдары бюджеттен каралат.
Кыргызстанда 30 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар бар. Анын 6 миңдейи өз алдынча жашай албайт.
Майыптарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.
Пикир калтыруу