Бюджеттик кодекс 2016-жылы кабыл алынып, 2017-жылдын 1-январындан тарта күчүнө кирген. Кабыл алынган кодекске ылайык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ачык айкындуулугу сакталышы керек.
Мыйзам боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 жылга бюджеттик өнүгүү программасын иштеп чыгып, коомдук талкуудан өтсө гана депутаттардын макулдугу менен бекитилет.
Бирок учурда көпчүлүк айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджетин эч кандай программасы жок жана коомдук талкууга алып чыкпай эле кабыл алып жатат. Бул тууралуу каржы боюнча адис Азамат Мамытов “Т-Медиага” билдирди.
” Өлкө боюнча ушул бюджеттик кодекстин талаптары аткарылып жатат дегенге макул эмесмин. Бүгүнкү күндө декабрь айында жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттерди сессияда кароодо, ошол коомдук угуудан түшкөн сунуштарды карап, анан кабыл алыш керек. Айыл өкмөтү мыйзамдын негизинде коомдук угуудан өткөрүп, депутаттарга сунушташы керек. Коомдук угууну өткөрбөгөн Баткен, Талас облусундагы айыл өкмөттөр кирет “,- деди Азамат Мамытов
Мамытов кошумчалагандай, кээ бир айыл өкмөттөрдө 10дой адамды топтоп, коомдук угуу өттү деп бюджетти бекиткендер бар. Жергиликтүү бюджетти бекитүүдө коомдук угуу өткөрүлбөй жаткандыгы жана жарандык бюджет жасалбай жаткандыгы боюнча тиешелүү органдар чара көрүшү керек.
Эскерте кетсек, жергиликтүү бюджеттерди көзөмөлдөгөн мыйзамдар 2017-жылдан баштап күчүн жоготуп, бюджеттик кодекс иштеп баштаган. Анда жергиликтүү казыналардын ачыктыгы каралган.
Оставьте первый комментарий