Ноокаттыктар кландык башкарууга нааразы болуп чыгышты. Видео

Ноокаттыктар жергиликтүү бийлик кландык башкаруу системасына өтө баштаганын  билдирип чыгышты.   

Үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу маалыматты коомчулукка Ноокаттагы коррупцияга каршы түзүлгөн элдик кыймылдын мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп ачыктады.

Айтымындарында, Мирмахмутов айыл өкмөтүнүн башчысы Шухрат Гапаров коррупциялашып кетти.  Анын мыйзамсыз иштерин Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп турган бир тууганы Абдырахман Гапаров калкалап жатат.

Жыйын катышуучулары белгилешкендей, Гапаровдордун дагы бир тууганы Гулистан айылдык кенешинде депутат болуп иштейт.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бир туугандар Шухрат Гапаровдун арты менен бийлике келишкен.

Айыл өкмөт жашоочулары жергиликтүү бийликтеги кландык башкарууну орноткондор биригип алып жерлер мыйзамсыз бөлүштүрүп, сата баштаганын айтып даттанышты. Ошондой эле айыл өкмөт башчыны жана анын бир туугандарын иштен алынышын талап кылып, президентке кайрылуу жолдошту.

Нараазычылык билдирип чыккандардын бири Хабиба Кыргызбаева, күйөсүн Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы Абдрахман Гапаровдун уулу 2006-жылы  мыкаачылык менен өлтүргөнүн айтып, 10 жыл өтсө да сот жобуна тартылбай эркиндикте жүргөнүнө нараазы.

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жетекчиси Шухрат Гапаров тургундардын айткандарын төгүнгө чыгарды. Нараазы болгондордун артында саясий күчтөр тураарын айтты. Айыл өкмөттө коррупциялык иштер болбогонун айтып, нараазы болгондордун максаты Гапаровдорду жумуштан кетирүү болуп жатат деп билдирди.

«Эгер туура эмес иштерди кылсам, мамлекеттик органдар бар. Азыр мени күнөөлөп жаткан Абжамал Көчкөнов деген адам куноолоп жатат. Ал буга чейин 11 жолу арыз жазган. Анын артында саясий күчтөр турат. Нараазычылыкты уюштурган ошол. Саясий күчтөр артында туруп Шавкат Гапаров деген акамди ур-токмокко алып майып кылышкан. 18 сантиметр башынан жарака алган. Алты кабыргасы сындырышкан. Өлдү деп таштап кеткен. агам өлбөй калды. Бизди бир жылдай мамлекет тарабынан кайтарууга алган. Азыр деле пистолетти алып жүрөм. Машинага үйгө калтырам. Мамлекет тарабынан мага уруксат берилген»-деди Шухрат Гапаров.

Ноокаттагы коррупцияга каршы түзүлгөн элдик кыймылдын төрагасы Бакыт Мадумаров, Мирмахмудов айыл өкмөт башчынын иштерин тиешелүү органдар көзөмөлгө алыш керек деп билдирди.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо