Төрөбаев: чиновниктерде 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок

Айрым аткаминерлер өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес аянтчага айландырып алышты. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Төрөбаевдин белгилешинче, депутаттар аткаминерлерге калктын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берсе, алардын аткара турган түрү жок. Кадрлар баарын чечет!» дейт, биздин мамлекеттик органдарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, жалаӊ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп калды.

«Мурдатан келаткан 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок. Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен. А, бизде канчалаган жолдор курулууда? Демек, алардан миллионлогон доллар каражаттар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатпайбы», — деди Төрөбаев.

Сөзүнүн соңунда Бакыт Төрөбаев президенттин мыйзам алдында бардык жарандар бирдей, коррупцияга каршы күрөштү артыкчылыктуу багыт катары жарыялаганын белгилеп өттү. Бирок, аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен пара алып жатышат.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо