Чүйдө турак-үй өрттөндү

Кечээ Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Покровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ түнү катталган. Турак-үйдүн 250 чарчы метр чатыры жана бастырманын 35 чарчы метри өрттөнгөн. Өрт саат 02:20да чектөөгө алынып, саат 03:14тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес орнотулганы себеп болгон. Окуядан жабыркагандар жок.

ӨКМ кыш мезгилинде мештерди колдонууда өрт коопсуздугун сактоону, тилсиз жоодон оолак болууну эскертет.

Автор Т-медиа 10571 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*