Кара-Суудагы өтмөк быйыл бүтпөйт. Видео

Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын жанына түшүп жаткан жер астындагы өтмөк быйыл пайдаланууга берилбейт. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кушбак Абдырахманов билдирди. Айтымында, курулуштун кийинки жылга калтырылышына аба ырайы себепчи болгон.

«Жол толук асфальтталбай калды. Асфальт төшөө үчүн аба ырайы 20 градустан жылуу болуш керек экен. Буга байланыштуу жолдун жарымына убактылуу асфальт төшөп, Ленин көчөсүн ачып турдук. Толук асфальт төшөө иши келээрки жылы күн жылып калган учурда жүргүзүлуп пайдаланууга берилет»,- дейт Абдырахманов.

Толук асфальтталбай жатып жолдун пайдаланууга берилиши элдин таңыркоосун жаратпай койгон жок. Бул боюнча биздин кабарчы жеринен Фейсбуктагы баракчабызга түз эфир жасаган.

Эскерте кетсек, өтмөк ушул жылдын апрел айында башталып август айында пайдаланууга берүү пландалган. Кийинчерээк топурактын борпоң чыкканы жүйө келтирилип, 1- декабрга толук бүткөрүлүшү убадаланган.

Жер астындагы өтмөк Кара-Суу шаарында биринчи жолу курулуп жатат. Бүткөрүлсө туурасы 17 тереңдиги 8 метр  болуп, төрт тарабынан кирип-чыгуу жолу каралган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо