Ош мэриясы токтомдорду аткарбай жатканы белгилүү болду. Видео

Ош шаардык кеңеши тарабынан чыккан токтомдор аткарылбай жатат. Бул тууралуу депутаттар тармактык комиссиянын отурумунда айтып чыгышты.

Депутаттардын белгилешинче, айрым токтомдордун аткарылбаганына жыл айланып кетти. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилер менен кошо биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевди кызматтан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ал боюнча расмий кат Ош шаарынын мэрине жөнөтүлмөкчү.

Кайсы токтомдор аткарылбай келүүдө?

2017-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомго ылайык, Ошто инвестициялык форум өткөрүлмөк. Экинчи токтом болсо ушул жылдын 20-июнунда чыгып, анда Масалиев, Шейит-Дөбө жана Мамыров көчөлөрүндөгү курулуш материалдар базары иретке келтирилиши керек эле.

«Эки маселе тең таптакыр ордунан жылган жок. Базарларды иретке келтирүү боюнча комиссия түзүлүш керек болчу. Жумушчу топ да түзүлгөн жок. Жыйынтыгы да болгон жок. Эркин экономикалык комиссиянын аты да, заты да жок. Ошондуктан, бул маселени сессияга алып чыгууну сунуштайм», — деди Абдисаит Каримбеков

Туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Аматбеков белгилегендей, бир жыл мурун чыккан токтомдордун аткарылбай жатканын тиешелүү жетекчилер мэр алмашканы менен түшүндүргөн. Бирок бул жооптуу шаардык кеңеш жүйөөлү жооп катары кабыл албайт.

Отурумга биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев да катышкан. Ал токтомдордун аткарылбай жаткандыгы үчүн депутаттардан кечирим сурап, убакыт берүүнү суранды.

IV чакырылыштагы шаардык кеңеш жалпы 145 токтом кабыл алынган. Анын ичинен аталган туруктуу депутаттык комиссия  3 токтомду кабыл алган. Анын бирөө аткарылып, калган экөө аткарылбай келүүдө.

Буга чейинки сессияларда да токтомдордун аткарылбаганы боюнча маселе козголуп, анда депутаттар тарабынан вице-мэрлердин жумуш орду каралсын деген сунуш болгон. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1500 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо