Ошто таштандыдан табылган ымыркайдын апасы изделүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы таштанды талаадан жансыз денеси табылган ымыркайдын энесин издөө иштерин улантууда.

«Т-Медиага» шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, азырынча ымыркайдын апасынын дайыны чыга элек.

«Апасын издөө иштери кечээ ымыркай табылаары менен эле башталган. Ош шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте издөө иштерин жүргүзүп жатат»,-деди Замир Сыдыков.

Учурда окуя боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 13-декабрда Ош шаарындагы таштанды талаасынан жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайдын жансыз денесин лѳлүү тектүү аялдар таап, полигондун кѳзѳмѳлчөсүнѳ билдиришкен.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо