
Жалал-Абаддын Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын Үч-Малай айылында 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ 13-декабрь күнү болжол менен саат 15:50дө катталган. Өрт саат 16:00до чектөөгө алынып, саат 18:20да толук өчүрүлгөн.
Министрликтин билдирүүсүндө, өрт кырсыгы жаш балдардын от менен ойноосунан улам келип чыккан.
Пикир калтыруу