
Кечээ, 13-декабрда Токмок шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шайымкулова билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү саат 16:00 жакын шаардын Жантай көчөсүндөгү кудуктан табылган.
Куткаруучулар сөөктү ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир калтыруу